25.09.2018 18:19

Астанада 7 жаштагы бала 10-кабаттан кулап, бирок аман калды

Астанада 7 жаштагы бала 10-кабаттан кулап, бирок аман калды

Астанада 10-кабатта асылып калган 7 жаштагы бала аз жерден өлүмдөн калды. Бул туурасында Nur.kz жазып чыкты.

Окуя кечээ, 24-сентябрда Казакстандын Астана шаарында Жеңиш-Жангилдин көчөлөрүнүн кесилишинде болуп өткөн. 10-кабатта асылып турган баланы ошол үйдө ылдыйкы кабатта  жашаган жигит сактап калган. 

Социалдык тармактарга тараган тасмадан баланын 10-кабаттагы терезенин кырын карманып, асылып турганын көрүүгө болот. Араң карманып турган бала тырышып, терезеге чыгууга аракет жасап жатат. Бирок, кайсы бир учурда колу бошоп кеткен баланы ылдыйкы кабаттын жашоочусу кармап калууга үлгүрдү.  

Кийинчерээк, баланы сактап калган жигиттин аты Артем Карев экенин аныкталды. Ал Tengrinews.kz порталына окуя тууралуу айтып берген. 

«Мен балконго чыккам, элдер кыйкырып, ары-бери чуркап жүрүшүптүр. Терезени ачып карадым. Карасам, элдер мен тарапты карап жаткандай. Өйдө карасам, бала асылып туруптур. Ал ылдый кулап кетти, учуп бараткан жеринен кармап калдым. Тартып, өзүмдүн балконума киргиздим. Баланын апасы тышта болчу, ал аябай жаман болду», -деп билдирген. 

Бала 7 жаштын тегерегинде экени айтылат. Ал Артемго кандай себеп менен балконго асылып калганын айтып берген. 

«Бала үйдө жалгыз калыптыр, апасы 15 мүнөткө иштери менен кетип, уулун сыртынан бекитип койгон экен. Жалгыз отуруп эриккен бала көчөгө чыгып, сейилдөөнү чечет. Ал толук кийинип, терезедеги чымын-чиркей тосуучу торду бычак менен кесип, ылдый түшмөк болуптур», -дейт Артем. 

Терезеден караганда баланын «Жардамга» деп жатканын угуп, шок абалында калган Артем, кантсе да, ыңгайлуу абалда туруп, баланы сактап калууга үлгүргөн.